Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Депутаттар парламентти таратууга негиз түзүлүп жатканын айтышты


Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев.
Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев.

Бул тууралуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорду талкуулоодо “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев айтып чыкты. Анын ырасташынча, буга чейин Конституция маселесинин айынан эки парламент таратылган.

- Бул жолу да Конституцияга өзгөртүүлөр кабыл алынган соң парламентти таратууга негиз түзүлөт, - деди Иманалиев.

Мындай пикирди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев да айтып өттү. Ал Башмыйзамдын өзгөртүүнүн айланасында чоң саясат жүрүп жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңеш бүгүн “Референдумду дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Ал буга чейин тармактык комитетте жактырылган. Долбоордо референдумду өткөрүү 4-декабрда белгиленген.(BkA)

XS
SM
MD
LG