Ооганстанда талаа командири Гүлбиддин Хекматиярдын "Хизб и-Ислами" тобу менен тынчтык келишими күчүнө кирди. Документке бүгүн Хекматияр өзү жана президент Ашраф Гани кол коюшту. Бул жараян мамлекеттик телеканалдан түз эфирде көрсөтүлдү.
"Өлкөбүз көз каранды эмес жана суверендүү болушун тилейм. Согуштан тажаган элибизде тынчтык жана ишеним пайда болсун" деди Хекматияр.
Ал эми президент Гани "талибдер согушту улантабы же тынчтыкка келиши керекпи, ойлоно турган мезгил келди" деп айтты.
Хекматиярга мурдагы кылмыштары үчүн мунапыс берүү, ал жетектеген топтун камактагы мүчөлөрүн бошотуу каралууда. Мындан тышкары өкмөт Хекматиярга каршы киргизилген эл аралык санкциялардын жоюлушуна да жооптуу болот.
Хекматияр 1990-жылдары өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыштар үчүн айыпталган.
Расмий Кабул "Хизб и-Ислами" менен тил табышуу аркылуу талибдерди тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тартууга үмүттөнөт. (RK)