Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 29-сентябрда парламент 1-окуудан кабыл алды. Ага 94 депутат макулдугун берип, 11 депутат каршылыгын билдирди. Төмөндө “каршы” добуш берген депутаттардын тизмеси:
1. Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол»);
2. Чолпон Жакупова («Бир Бол»);
3. Улугбек Ормонов («Бир Бол»);
4. Каныбек Иманалиев («Ата Мекен»);
5. Айсулуу Мамашева («Ата Мекен»);
6. Наталья Никитенко («Ата Мекен»);
7. Аида Салянова («Ата Мекен»);
8. Бахадыр Сулейманов («Ата Мекен»);
9. Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен»);
10. Абдыкапар Султанов (“Өнүгүү-Прогресс”);
11. Абылкайыр Узакбаев (“Өнүгүү-Прогресс”).
Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште дагы эки окууда каралат. Долбоордо сунушталганы боюнча референдум 4-декабрга белгиленген.(BkA/ZKo)