Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Перуда пикетке чыккан мугалимдерге полиция күч колдонду


Перуда полиция нааразылык акциясына чыккан мугалимдерди үч күндүк пикеттен кийин көздөн жаш агызуучу газ чачып таратты.

Куско шаарынын мугалимдери айлык акынын жогорулашын жана билим министринин кызматтан кетүүсүн талап кылып көчөгө чыккан. Шейшемби күнү алар 72 саттык иш таштоо башталганын жарыялашкан.

Бүгүн пикетчилер аэропортко кетчү унаа жолду бууганга аракет кылып, полиция менен кагылыша кетти. Эки билим кызматкери жараат алып, ооруканага түштү, калгандары жабыркаган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG