Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Керри менен Лавров Алепподогу кырдаалды талкуулады


Жон Керри (солдо) менен Сергей Лавров
Жон Керри (солдо) менен Сергей Лавров

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров 1-октябрдын кечинде телефон аркылуу байланышып, Сириядагы кырдаал тууралуу сүйлөштү. Рейтер агенттиги жазып чыккандай, тараптар жаңжалды жөнгө салуунун биргелешкен жолдорун ортого салышты.

Ишембиде сириялык укук коргоочулар орус армиясы колдогон өкмөттүк күчтөр Алепподогу оппозиция көзөмөлдөгөн аймактагы эң чоң госпиталдардын бирине абадан сокку уруп, талкалаганын кабарлашкан. БУУнун маалыматы боюнча, акыркы аптада Сирия армиясынын аба чабуулдарынан кеминде 400 жай тургундун өмүрү кыйылды.

АКШ жана Орусиянын ортомчулугу менен 12-сентябрда түзүлгөн тынчтык келишими бир жумадан кийин Алеппого гуманитардык жүк алып бара жаткан кербен кол салууга кабылганда токтогон. Вашингтон 20 адам каза таап, 18 жүк ташуучу автоунаа жок кылынган чабуул үчүн орус аскерлерин айыптап, Москва муну четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG