Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:49

Мэй: Евробиримдиктен чыгуу жараяны кийинки жылдын мартынан башталат


Британия премьер-министри Тереза Мэй Евробиримдиктен чыгуу жараяны 2017-жылдын мартынын аягында башталарын билдирди. 2-октябрда Би-би-сиге берген маегинде Мэй жараян Лиссабон келишиминин 50-беренеси боюнча жүрөрүн белгиледи.

Келишимге ылайык, 28 мүчө-өлкөнүн кимиси болбосун биримдиктен чыгууну кааласа, Евробиримдик менен эки жылдык ажырашуу боюнча сүйлөшүү процессин баштайт.

Лиссабон келишими аталган шаарда, 2007-жылдын 13-декабрындагы Евробиримдиктин саммитинде кабыл алынган.

23-июндагы референдумда британдыктар Евробиримдиктен өз алдынча болууну жактаган.

XS
SM
MD
LG