Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Жанета Хамзаевага адвокат менен жолугушууга уруксат берилген жок


Жанетта Хамзаева.
Жанетта Хамзаева.

Бул тууралуу -“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун юристи Рысбек Адамалиев “Азаттыкка” билдирди:

- Биз кыйноолорго каршы улуттук борбордун эксперти менен кошо Жанета Хамзаеванын акыбалынан кабар алганы УКМКга барсак, күзөтчүлөрү киргизишкен жок. Ал берки эксперттин жолдомо катын да алуудан баш тартты. Себебин сурасак, дем алыш күнү жетекчилер иш ордунда жок деген жооп айтылды. Ага чейин биздин адвокатты да киргизбей коюшкан.

Юристтин айтуусунда, учурда тажикстандык укук коргоочунун жубайы Жанета Хамзаева УКМКнын абагында деген гана маалымат бар.

Тажикстандык укук коргоочу Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаеваны 2-октябрга караган түнү Молдовадан Бишкекке келген учурда "Манас" эл аралык аэропортунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармаган. Ошол күнү анын апасынын Бишкектеги үйүндө да тинтүү жүргүзүлгөн. УКМК окуянын чоо-жайы боюнча комментарий бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG