Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Венгрияда референдумга шайлоочулардын теңине жакыны гана катышты


Венгриядагы референдум.
Венгриядагы референдум.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, анда шайлоочулардын жарымынан аз киши добуш берди. Ошентсе да, референдумда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү мигранттарды өлкөгө жайгаштырууга каршы экенин билдиришкени кабарланууда.

2-октябрда Венгрияда Евробиримдик тарабынан сунушталып жаткан мигранттарды жайгаштыруу боюнча референдум өттү. Башкаруучу "ФИДЕС" партиясынын төрага орун басары Гергель Гуляштын маалыматы боюнча, добуш берүүгө сегиз миллион кишинин 45% гана катышты.

Ал эми өлкөнүн премьер-министри, мигранттардын Европада орун-очок алуусуна өзгөчө каршы чыккан Виктор Орбан элдин аз келгени эч кандай мааниге ээ эместигин мурдараак айткан эле. Орбан мигранттарга каршы чек араны жаап, бийик дубал менен тосуу демилгесин көтөргөнү белгилүү. Ал эми оппозициялык “Жоббик” партиясы референдум максатына жеткен жок деп билдирип, Орбанды кызматтан кетүүгө чакырды.

Референдумдун жыйынтыгы тууралуу так маалыматтар жакынкы аралыкта алынат.

Евробиримдик Африка жана Жакынкы Чыгыштан келген мигранттарга квота берүү сунушун берген.

XS
SM
MD
LG