Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Бишкек-Ош жолундагы автоунааларга киргизилген чектөө алынды


Төө-Ашуу
Төө-Ашуу

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда, Бишкек-Ош жана Суусамыр-Талас-Тараз магистралдары эки тараптан тең ачык.

2-октябрда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларына түшкөн кардан Бишкек-Ош, Тараз-Талас-Суусамыр жолунда тыгын пайда болуп, жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилген эле.

Каракол шаарына кечээ жааган кардын кесепетинен бак-дарактар сынып, электр зымдары жабыркаганы, натыйжада шаар электр жарыксыз калганы айтылган.

Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас жана Ош облустарынын тоолуу райондоруна жааган кардан жайлоодогу мал, талаадагы жыйнала элек жер-жемиштер жабыркаган.

30-сентябрдан 3-октябрга чейин аба-ырайы кескин төмөндөп, жаан карга айланып, айрым жерлерде үшүк жүрдү. Азырынча эрте түшкөн кар алып келген зыяндын өлчөмү тууралуу маалымат жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG