Жекшембиде Сириядагы куралдуу оппозиция менен өкмөттүк аскерлердин Алеппонун жанындагы аймактарда айыгышкан салгылашуулары уланды. Сирия бийлиги оппозицияны курал-жарактарды таштап, шаардан чыгып кетүүгө үндөдү.
Салгылаштар Алеппонун түндүгүндөгү аль-Шукиф бийиктиги, ошондой эле Бустан аль-Баша аймагы үчүн болууда. Өкмөттүк аскерлердин Алеппого чабуулу орусиялык жана сириялык авиациянын ургаалдуу колдоосу алдында жүргүзүлүүдө. Алар шаардын чыгыш бөлүгүнө сокку уруп жатышат. Бул тууралуу Associated Press сириялык укук коргоочуларга шилтеме кылып кабарлады.
Оппозиялык куралдуу топтордун биринин агенттикке билдиришинче, армиянын чабуулдарына чет өлкөлүк жарандар да катышууда. Ал кеп желектери аркылуу таанууга мүмкүн болгон Ливан менен Ирактын жарандары тууралуу болуп жатканын кошумчалаган.