Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Депутат Гүлшат Асылбаева айткан сөзү үчүн кечирим сурады


Гүлшат Асылбаева.
Гүлшат Асылбаева.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Гүлшат Асылбаева өлкөдөгү айлык-маяна тууралуу сөзү үчүн кечирим сурады. Депутат өзүнүн Facebook баракчасында “мен чындап эле бизнес чөйрөсүндө мындай маяна жок экенин айтып, коммерциялык мекемелер өздөрүнүн айлыктарын көрсөтүшпөйт деп билдиргем. Эгерде алар айлыктарын ачык көрсөтсө, ишкерлердин да укугу корголуп, бюджетке көбүрөөк киреше түшмөк,” – деп жазат.

Асылбаева анын апасы өмүр бою дарыгер болуп иштегенин белгилеп, алардын маянасы менен жакшы тааныш экенин кошумчалады.

29-сентябрда депутат Гүлшат Асылбаева ЖКнын комитет жыйынында Кыргызстанда 9 миң сомдон аз айлык алгандар бар экенине айран таң калганы тууралуу айтканы коомчулукта түркүн талкуу жараткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG