Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 16:09

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы Талас-Суусамыр-Бишкек автоунаа жолундагы кырсыктан 3 адам мүрт кеткенин билдирди. Кырсык 2-октябрда кан жолдун 178-чакырымында катталып, Subaru Forester жана МАN үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 8 ай ичинде өлкө боюнча 3667 жол кырсыгы катталып, анда 567 адам өлүп, 5690 киши ар кандай деңгээлдеги жаракат алганын кабарлайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG