Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Кытай элчилигиндеги терактка тиешеси бар дегендерин бири Бишкекке келет


Бишкектеги Кытай элчилиги, 30-август, 2016.
Бишкектеги Кытай элчилиги, 30-август, 2016.

Бишкектеги Кытай элчилигине жасалган терактты уюштурууга тиешеси бар деп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет издөө жарыялагандардын бири Мубарак Турганбаев өз ыктыяры менен Кыргызстанга келе жатканын өзүнүн Facebook баракчасына 3-октябрда жазды. ​

“Акыры баратам. Буйруса акталып, тынч жашоого өтөйүн. Сиздерден дубаларыңызды күтөм”, - деген билдирүүнү ал кечээ Стамбул аэропортунан Бишкекке карай учуп жатып жайгаштырган.

УКМК издөөдөгү Турганбаевдин Кыргызстанга келгени тууралуу маалыматка тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.

29-жаштагы Мубарак Турганбаев Стамбулдагы “Адал Тур” компаниясында иштейт.

УКМК 6-сентябрдагы Кытай элчилигиндеги терактка тиешеси бар деп беш адамды кармап, дагы төрт кишиге издөө жарыялаган. Алардын бири - Мубарак Турганбаев дароо эле терактка тиешеси жок экенин айтып, Кыргызстанга жакында келип, көрсөтмө берүүгө даярданып жатканын билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG