Жапониялык илимпоз Иосинори Осуми клеткаларды кайра иштетүү тармагында ачылыш жасап, 2016-жылдын Нобел сыйлыгына татыганын New York Times басылмасы кабарлады. Осуминин бул ачылышы клеткалардагы иммундук система талкаланып калган Паркинсон жана рак ооруларын дарылоодо жаңы үмүт болуп бермекчи.
Былтыр медицина боюнча Нобел сыйлыгы чиркей чакканда жуга турган тропикалык безгек оорусуна каршы дары чыгарган үч окумуштууга берилген. Жапон илимпозу бузулган же өлгөн адам клеткалары кайрадан жаңыланып, адам организминдеги ооруну жеңе тургандай акыбалга келтирчү ыкманы иштеп чыкты. Мындай ыкма менен жеке эле рак же Паркинсон эмес неврологиялык айыкпай турган Хантингтон оорусун да дарыласа болору айтылууда. (BCh)