Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Сот Азимжан Аскаровду камакта калтырды


Чүй облустук соту Азимжан Аскаровду үй камагына чыгарган жок. Андай өтүнүч менен Азимжан Аскаровдун жактоочулары Валерьян Вахитов жана Нурбек Токтакунов сотко кайрылышкан.

Соттук жараянга маркум Мыктыбек Сулаймановдун жубайы жана жакындары катышууда.

Азимжан Аскаров 2010-жылкы июнь коогасында Сулаймановдун өлүмүнө айыптуу деп табылып, 2011-жылы Жогорку Cоттун өкүмү менен өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген. Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, Аскаровду бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган. (NT)

XS
SM
MD
LG