Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Жалал-Абад: аксакалдар прокуратурага нааразылык билдиришти


Падыша-Ата эс алуу жайы.
Падыша-Ата эс алуу жайы.

Облустук аксакалдар кеңешинин ондон ашык мүчөлөрү облус прокурорунун кабыл алуусун талап кылып мекеме алдына чогулушту. Алар ушул жылдын август айында Аксы районундагы Падыша-Ата эс алуу жайындагы араздашууну териштирип берүүнү өтүнүп прокуратурага кайрылышкан. Бирок Аксы прокуратурасы дооматтар текшерүү учурунда аныкталбагандыгын айтып, аксакалдардын кайрылуусун четке каккан.

Чогулган аксакалдарды облус прокурору Өткүрбек Жамшитов кабыл алды жана маселе мыйзам чегинде чечилерин билдирди.

Ушул жылдын август айында Падыша-Ата эс алуу жайынын ээси Эркин Бегимкулов баштаган бир топ облустун аксакалдары эс алууга барган учурда Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү баштаган 60тай адам аларга акарат келтирип, эс алуу жайынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

Жеке ишкер Эркин Бегимкулов менен Кашка-Суу айылдык округунун жетекчилери 6 жылдан бери Падыша-Ата эс алуу жайын талашып, соттошуп келе жатышат. (RsK)

XS
SM
MD
LG