Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Бишкекте кыздардын эл аралык күнү белгиленет


11-октябрь күнү белгилене турган бул күнү балдардын укугу боюнча эссе жазуу сынагы жарыяланып, тренингдер, спорттук мелдештер, мектеп окуучулары арасында форум-театр уюштурулуп, фотокөргөзмө жана флешмоб өтмөчү.

Иш-чаранын максаты – кыздар дуушар болгон көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу, алардын укуктарын коргоо жаатында аракеттерди күчөтүү. Аны “Балдар укугун коргоо” коомдук бирикмеси эл аралык Bread for the world уюмунун колдоосу менен уюштуруп жатат.

Бул күн 2012-жылы Канаданын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясында бекитилген. Укук коргоочулар Кыргызстанда кыздар көпчүлүк учурда үй-бүлөдөгү зомбулук, зордуктоо, ала качуу сыяктуу көйгөйлөргө кабылып, сексуалдык кулчулуктун туткуну болорун белгилеп келишет. (AiA)

XS
SM
MD
LG