Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Кундузда Талибандын согушкерлери менен эки күндөн бери уруш уланууда


Ооган коопсуздук күчтөрү Кундузда. 4-октябрь, 2016-жыл.
Ооган коопсуздук күчтөрү Кундузда. 4-октябрь, 2016-жыл.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, уруш бүгүн Кундуздун чет жакасында жүрүп жатат. Ал эми шаардын борбору согушкерлерден тазаланды.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Сыдык Сыддыкинин айтымында, согушкерлер турак үйлөргө жашырынып алгандыктан, тазалоо иштери жай жана кыйындык менен кетүүдө.

Кундуздун полиция башчысы Мохаммед Касим Жангалбахтын ырастоосунда, акыркы эки күндөн берки уруштарда “жүздөгөн” согушкерлер жок кылынды, коопсуздук күчтөрүнүн үч өкүлү мерт болду.

Бирок жоготуулар тууралуу бул маалыматты азырынча башка булактар ырастай элек.

Талибандын Кундузга азыркы чабуулу донорлордун Ооганстан боюнча Брюсселде бүгүн башталуучу конференциясына туш келди.

Кундуз шаарына талиптер мындан бир жылча мурун да кол салып, өлкөнүн түндүгүндөгү бул шаардын борборун кыска убакытка ээлеп алышкан эле. (UE)

XS
SM
MD
LG