Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Түркияда 13 миңге жакын полиция офицери кызматтан алынды


Түркиянын полициясы
Түркиянын полициясы

Алар кызматтан АКШда жашаган динаятчы Фетхулла Гүленге байланышы бар деген жүйө менен бошотулгандар.

Түркиянын улуттук полиция кеңсеси билдиргендей, кызматтан алынгандардын 2500дөн көбү полиция башчылары.

Быйыл июлдагы аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деген жүйө менен 32 миңдей киши камалып, он миңдегендери иштен алынган.

Түрк өкмөтү Фетхулла Гүленди төңкөрүш аракетинин артында турганкатары айыптоодо.

Гүлен болсо ага кандайдыр бир тиешеси бардыгын четке каккан.

Кечээ түрк бийликтери өлкөдө аскерий төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөчө абал тартиби дагы үч айга узартыларын жарыялашты.

Бул чара президентке жана өкмөткө өлкөнү жардык менен башкарууга мүмкүндүк берет. (UE)

XS
SM
MD
LG