Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Тажикстан Ооганстан менен чек арасында аскерлерин күчтөнттү


Ооганстандын Кундуз шаары.
Ооганстандын Кундуз шаары.

Тажик бийлиги билдиргендей, бул Ооганстандын чек арага жакын жайгашкан Кундуз шаарындагы кырдаалга байланыштуу болууда. Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугхожаев бийлик Ооганстандын күчтөрү менен Талибан кыймылынын ортосундагы айыгышкан согуштар тууралуу кабардар экенин билдирди.

Ал азырынча Тажикстандын чек араларына коркунуч бар деп айтуу кыйын экенин маалымдады. Бирок коргонуунун алдыңкы катарына чек арачылар, кийинкисине Коргоо министрлигинин аскерлери жайгаштырылганы, зарыл учурда алар чек арачыларга жардамга барышары айтылууда.

3-октябрга оогон түнү Талибан күчтөрү Кундуз шаарына чабуул коюшкан – шаар Тажиктандын түштүгү менен чектешкен провинцияда жайгашкан. Андагы салгылашууларда өкмөттүк күчтөрдүн көп аскери курман болду.

XS
SM
MD
LG