Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Бишкекте жылуулук абанын температурасы төмөндөсө берилет


Шаар мэриясынан маалымдашкандай, абанын температурасы 5 күн бою 8 градустан жогорулабаса, шаарга жылуулук берилет. Азырынча шаар бийлиги тарабынан жылуулук берүү тууралуу көрсөтмө жок.

Күн сууктап кетсе алгачкылардан болуп ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге жана башка социалдык мекемелерге жылуулук берилет, андан кийин турак-жайларга өтөт.

Өткөн жылы Бишкек шаарына жылуулук 20-октябрда берилип, 10-мартта токтотулган.

Бишкек шаарынын кышка даярдыгы тууралуу маалыматтар бүгүн атайын журналисттер үчүн уюштурулган медиа-турда кеңири берилмекчи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG