Парламенттин бүгүнкү жалпы отурумунда жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Демилгечи депутат Аида Салянованын айтымында, долбоорго ылайык, жашы жете электерге нике кыйылган учурда түгөйдүн ата-энеси, нике кыйган молдо кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.
Өз кезегинде депутат Дастан Бекешев бардык тарапты кылмыш жоопкерчилигине тартпастан, айыппул менен чектелсе болоорун белгиледи.
- Мыйзам өтө эле аша чаап кеткен. Биз үч жылдан беш жылга чейин бир эле учурда нике кыйган молдону, жашы жете элек түгөйдүн ата-энелерин камакка ала албайбыз. Минтип отурсак, канчалаган адамдар кесилип кетет? – деди Бекешев.
Айрым депутаттар мамлекеттик нике күбөлүгү бар учурда гана молдо тарабынан нике кыюуга уруксат берүүнү сунушташты. Алардын айтымында, кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси кабыл алынган күндө да иштебей калышы мүмкүн.
Талкуудан соң депутаттар мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү. (SDz)