Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угуу өтөт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламенти боюнча комитети 7-октябрда парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Парламенттик угууда “Референдумду дайындоо боюнча” мыйзамдын талкуусу дагы жүрмөкчү.

Парламенттик угуу ачык өтүп, ММК өкүлдөрүнөн тышкары коомдук бирикме жана өлкө жарандары иш-чарага катышат.

29-сентябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындаган мыйзам долбоорду 1-окууда кабыл алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG