Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Брюсселде Ооганстан боюнча конференция башталууда


Бельгиядагы Ооганстанга арналган жыйынга АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри, БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун, НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг, канзада Ага Хан катышууда.
Бельгиядагы Ооганстанга арналган жыйынга АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри, БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун, НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг, канзада Ага Хан катышууда.

Брюсселде донор-мамлекеттердин Ооганстан боюнча эл аралык конференциясы башталды. Президент Ашраф Гани баштаган ооган жетекчилери жана 70 өлкөнүн өкүлдөрү миллиарддаган доллар жардам берүү маселесин талкуулашмакчы.

Ал үчүн Кабул коррупцияны ооздуктоо, каражатты сарамжалдуу пайдалануу, саясий реформаларды жүргүзүү, адам укуктары чөйрөсүндө аракет көрүүгө тийиш.

Жыйынды өткөрүп жаткан Европа биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Федерика Могерини шаркет 1,3 миллиард доллар убада кыларын айтты. Ошондой эле Евробиримдик жардам үчүн Ооганстандан Европага агылган мигранттарды кайтарууну талап кылууда деген маалыматтарды төгүндөдү.

Талибан кыймылы бийликтен төңкөрүлгөндөн 15 жыл өтсө да, Ооганстан дүйнөдөгү эң жакыр жана саясий жактан бейстабилдүү мамлекет бойдон кала берүүдө. 2012-жылы эл аралык коомчулук 2016-жылдын этегине чейин жылына 4 жарым миллиард доллар берилип турарын убада кылган. АКШ менен Еврошаркет Ооганстанга берилчү жардамдын үчтөн экисин көтөрүп келатат. Үчүнчү ири донор – Жапония.

XS
SM
MD
LG