Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Ооганстандын Кундуз шаарынан жайкын тургундар качууда


Кундуз шаары.
Кундуз шаары.

Ооганстандын Кундуз шаарынан жайкын тургундар жер которуп жатышат. Үчүнчү күн катары менен калаада коопсуздук күчтөрү менен талип согушкерлеринин уруштары уланууда.

"Жергиликтүү калктын көбү кошуна чөлкөмдөргө баш калкалап качышууда", - деди Кундуз провинциясынын губернатору Асадулла Амаркел.

Жергиликтүү полициянын башчысы Касым Жангалбах болсо шаарда таза суу, тамак-аш, башка эң керектүү нерселер тартыш болуп жатканын, элди эвакуациялоо иши жүрүп жатканын кошумчалады.

Талип жоочулары калаага 3-октябрда басып киришкен. Жангалбахтын айтымында, ошондон бери америкалык атайын күчтөрдүн жардамы менен тазалоо иштери ийгиликтүү жүрүүдө, кармаштар ушу тапта Кундуздун жака белинде уланууда. Анын маалыматы боюнча, 42 согушкер жок кылынды, 25тейи жараат алды. Ал эми Ооганстандын коргоо министрлиги 5 жоокер окко учканын, 13ү жараланганын буга чейин билдирген.

АКШнын Кабулдагы аскерий командачылыгы улам бир жерде ок атышуу тутанып жатканын, бирок ооган күчтөрү калааны көзөмөлдөп турушканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG