Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Бишкекте салттуу айыл чарба жармаңкелери өтөт


Ушул дем алыш күндөрү өтчү жармаңкелерде дыйкандар, сүт өндүрүүчүлөр өз товарларын керектөөчүлөргө түз сата алышат.

Жармаңкеге Чүй облусунун дээрлик бардык райондорунан дыйкандар, эт-сүт азыктарын өндүрүүчүлөр катышат.

Жармаңкелер борбор калаанын бир нече жеринде уюштурулат. Алсак, Ленин району боюнча Жал кичирайонунда, Октябрь району боюнча Асанбай кичирайонундагы базарда, Свердлов району боюнча Ауэзов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба жармаңкеси болот.

Жармаңкелер бул даректерде октябрь айынын бардык дем алыш күндөрү уюштурулат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG