Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Жерди трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралат


Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары сугат айдоого жарактуу жерлерди башка категорияга которууга, тагыраак айтканда трансформациялоого мораторий киргизүүнү демилгелеп, буга байланыштуу мыйзам долбоорун жазышкан. Демилгечи депутаттардын белгилөөсүндө, эл көп жашаган ири шаарлардын чет жакасындагы суулуу айдоо аянттары ар кандай жолдор менен турак-жай тургузууга берилип, айдоо аянттары азайып жатканы бул мыйзамдын зарылдыгынан кабар берет.

Кыргызстанда 90-жылдардан тарта айдоо жерлери айылдык кеңештин эле чечимдери менен таратылы, үйлөр түшө баштаган.

2005-жылдагы революциядан кийин парламентте айыл чарба багытындагы жерлерди басып алуу, ал жерге үй куруу көрүнүшү күч алганы белгиленип, буга чек коюп, сугат жерлерин сактап калуу максатында жер тилкелерин трансформациялоого мораторий киргизилген.

Ошол эле учурда 42 миңден ашык үй-бүлө "Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышын күтүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG