Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Ооганстанга алдыдагы төрт жылда 15 млрд доллар жардам берилет


Бул келишим Брюсселде Ооганстан боюнча донор өлкөлөрдүн жыйынында жетишилди. Евробиримдиктин башчысы Могерини 5-октябрда бул каражат 40 жылдан бери согуш токтобогон Ооганстанда тынчтыкты орнотууга жумшаларын билдирди.

Келишимдин ишке ашуусу үчүн Ооганстан тарап да бир топ милдеттерди ишке ашырууга тийиш. Ага ылайык, өлкө бийлиги саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзүүгө милдеттүү. Ооган президенти Ашраф Гани жыйында сүйлөгөн сөзүндө өкмөт адам укуктарын жакшыртууда жана коррупцияны ооздуктоодо ийгиликтерге жетише баштаганын билдирди. Мындан тышкары Ооганстан Европа өлкөлөрүнөн башпаанек берилбеген жарандарын кайтарып алып кетүүгө тийиш.

Брюсселдеги жыйынга дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсү, ондогон эл аралык жана жарандык уюмдар катышты. Жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да катышып, Ооганстандын көйгөйүнө көңүл буруп, колдоо көрсөтүүгө бардык мамлекеттерди чакырды. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG