Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Батыров Кыргызстандан чыгып кеткен себебин айтты


2010-жылдагы июнь коогасын уюштурган деп айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына маек курду. Ал өзүнүн 2010-жылы майда Кыргызстандан чыгып кетүүсү, ага Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн катышы, июнь коогасы жөнүндө айтып берди. Батыров 2010-жылы май айында Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын “өлкөдө кырдаал турукташканча убактылуу чыга туруңуз” деген өтүнүчү менен өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди:

- Мен 20-майда эртең менен Жалал-Абаддан чыгып кеттим. Ачыгын айтайын, мени эч ким коркутуп-үркүтүп же жолтоо болгон эмес. Мага Роза Отунбаеванын өтүнүчүн Исмаил Исаков, Бакыт Алымбеков жана Алишер Сабиров жеткиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев 15-сентябрда Башкы прокуратурага Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качышына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү тапшырган. Учурда Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМден түзүлгөн тергөө тобу Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланууда.

Президенттин тапшырмасынан кийин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев эгер тергөө башталса Алмазбек Атамбаев биринчилерден болуп көрсөтмө бериши керектигин айткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG