Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Депутат мечиттердеги азан элдин уйкусун бузуп жатканын айтты


Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Болотбек Ибраимжанов түнкү жана таңкы намаз учурунда айтылган азан коомчулуктун уйкусун бузуп жатканын айтып чыкты. Ал мечиттердеги үн күчөткүчтүн кубаты 40 децибелден ашпаш керек деген норма сакталбай жатканын кошумчалап, катуу айтылган азан кечкисин балдардын сабак окуусуна тоскоол болуп, таңкысын уйкуну бузуп жатканын билдирди.

- Кечки саат 11ден эртең мененки саат 7ге чейин коомчулуктун тынчын алууга тыюу салынат. Бирок бизде үн күчөткүчтө чыккан азандын кубаты 140 дЦга чейин жетип жатат. Муну экотехинспекция көзөмөлгө алуусу шарт. Ошондой эле ресторан, кафелерден чыккан музыканын үнүнө дагы кечкисин тыюу салбасак, балдар сабак окубай эле ырлардын репертуарларын жаттап бүттү.

Депутат Ибраимжанов өз сөзүндө жума намаз учурунда көпчүлүк мамлекеттик кызматта иштеген жетекчилер жумуштан чыгып кетишип, ошону менен дүйшөмбү күнгө чейин эс алуусун улантып жатканын айтып, өкмөттү кызматтык тартипти күчөтүүгө чакырды. (SDz)

XS
SM
MD
LG