Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн Бишкекте Ливан өлкөсү менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Оюн саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүнкү оюнда өзгөчө жаштарга жана жаңы оюнчуларга басым жасай турганын билдирген.
Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 108-орунда жайгашса, Ливан 143-орунда турат. Командалар буга чейин эки жолу ойноп, Кыргызстан бир жолу утулуп, дагы биринде тең чыккан.
11-октябрда Бишкекте Кыргызстан Түркмөнстандын улуттук курамы менен да ойномокчу. (SDz)