Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Жапония компаниялары Кыргызстанга кызыгууда


Жапон компаниясынын продукциясы.
Жапон компаниясынын продукциясы.

Жапониянын компанияларынын Кыргызстандын айыл чарбасындагы кайра иштетүү тармагына кызыгуусу артууда. Айрыкча Кыргызстандын экологиялык жактан таза азык-түлүгү жапон ишкерлерин өзгөчө кызыктырды. Бул боюнча Бишкекте өткөн кыргыз-жапон экономикалык форумда Жапониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм жаатындагы вице-министри Хирофуми Ханаока билдирди.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жакынкы убактарда Жапониянын көпүрө куруу, жол коопсуздугу боюнча компаниялардын Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Мындан башка аэропорт куруу жаатында мол тажрыйбасы бар “Джелукс” компаниясы дагы Кыргызстан менен иштешүүгө ниетин билдирди.

Кыргызстан менен Жапониянын товар алмашуу көлөмү акыркы он айда 10 млн. долларга жеткен. (SDz)

XS
SM
MD
LG