Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Кыргыз-тажик чек арасы өзгөчө кайтарылып жатат


Ооганстандын Кундуз аймагында талиптер менен коопсуздук күчтөрдүн уруштарынын күчөп баратышына байланыштуу чек ара кызматы Тажикстан менен чектеш аймакты өзгөчө кайтарууга алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

- Чек ара кызматы ооган-тажик чек арасындагы абалга өтө кылдаттык менен назар салууда. Кундуздагы кырдаалга байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматы тажик кесиптештери менен байма-бай маалымат алмашып жатат. Учурда кыргыз чек арачылары штаттык режимде иштөөдө, ошол эле учурда чек ара сызыгы толугу менен көзөмөлгө алынды. Биз кошумча блокпостторду коюп, өзгөчө кооптуу тилкелерге кошумча аскерлерлер жиберилди.

Ооганстандагы акыркы маалыматтар боюнча, 6-октябрда талиптер Кундуздун түштүгүнөн сүрүлдү. Бирок, калаанын чыгыш жана батыш тарабында атышуулар дагы деле уланууда. Жергиликтүү тургундар кармаштардан жан сактап башка жерлерге жер которушууда.

XS
SM
MD
LG