Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Жарандык авиация кесиптик майрамын белгилөөдө


Аба майдан.
Аба майдан.

Кыргызстандын жарандык авиациясынын 83 жылдыгына карата Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык коллежде салтанаттуу иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиев билдирди.

- Иш-чарада СССРдин эмгек сиңирген учкучу Ишембай Абдраимовдун бюсту ачылат. Мындан башка авиациялык коллежде музейдин ачылышы өтөт. Ошондой эле атайын Кыргызстандын авиация тарыхын камтыган атайын китепти дагы чыгарып жатабыз.

Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхы 1933-жылы Кыргыз АССРнин элдик комиссарынын чечими менен башталган. Алгачкы учактарды токтотуучу жер тилкеси Попеновка айылында түптөлүп, бул паркта У-2 үлгүсүндөгү үч учак болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG