Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Мэттью бороонунан набыт болгондор саны үч жүздөн ашты


Гаити бороондо калганда. 4-октябрь, 2016-жыл.
Гаити бороондо калганда. 4-октябрь, 2016-жыл.

Кучтүү бороонго туш келген Гаитиде куткаруучулар океан жээгинде кыйраган алгачкы шаарчага эми гана жете алышты. Ал жерде өлгөндөрдүн саны бүгүнкү карата 339га жетти.

Кырсыктан улам Гаитиде холера илдетинин вирусу кайра жайылып кетпейби кооптонуусу жаралууда.

Бул аралыкта күчтүү бороон АКШнын түндүк-батышын көздөй багыт алгандыктан, президент Барак Обама Флорида жана Түштүк Каролина штаттарында өзгөчө абал жарыялады. Аталган эки штатка кошо Жоржия штаты да океан жээктеринен 3 миллиондой адамды тынч жерге көчүрүүдө.

Кошмо Штаттардын бороондор боюнча улуттук борбору Мэттью алааматын төртүнчү баскычтагы бороон катары баалады.

Бул саатына 250 чакырымга чейин жете алуучу шамал бак-дарактарды омкоруп, электр зымдарын үзүп, жеңил курулуштарды талкаласа, нөшөрлөгөн жамгыр жана топон суу ташкындарды жаратат дегенди билдирет. (UE)

XS
SM
MD
LG