Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

Исмаил Исаков: Батыровдун айткандарынын бардыгы жалган


Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн катарында Коргоо министринин милдетин аткаруучусу Исмаил Исаков Кадыржан Батыровдун айткандарын жалганга чыгарды. Ал 2010-жылы 20-майда өзбек жамаатынын лидери Кадыржан Батыровду биринчи жана акыркы жолу көргөнүн айтып, Батыровдун “Кыргызстандан убактылуу чыгып турууга Исаков суранган” деген сөзү суу кечпесин билдирди.

- Мен ошол маалда ким элем, Батыров мага ким эле? Ал мага жетекчи болбосо же кайсы бир автономиянын лидери болбосо, мен андан өлкөдөн чыгып туруңуз деп суранмак белем. Эгерде өлкөдөн чыгууга мен жол ачып берсем, кайсы жол аркылуу чыгып кеткенин айтсын. Эгер убактылуу чыккан болсо, анда ошол чыккан жолу менен эле кайра кирип келбейби.

Исмаил Исаков 2010-жылы июнь окуясын уюштурууга Кадыржан Батыровдун түз тиешеси бар деп, сот тарабынан туура чечим чыкканын айтты. Ал учурда Батыровдун айткандары боюнча анализ жүргүзүп, коомчулукка кенен жооп жазып жатканын билдирди.

Ушул жумада июнь коогасын уюштурган деп сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, эл аралык издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров “Азаттыкка” маек куруп, 2010-жылы май айында Кыргызстандан Убактылуу өкмөт мүчөсү Исмаил Исаковдун өтүнүчү менен чыгып кеткенин айткан. Ал ошондой эле Кыргызстанга кайра кирүүгө тыюу салынып, коопсуздук күчтөрү Батыровду окуянын уюштуруучусу катары күнөөлөп, натыйжада алданып калганын кошумчалаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG