Финляндия коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Орусиянын СУ-27 үлгүсүгдөгү аскерий учагы 6-октябрь күнү өлкөнүн аба мейкиндигине ичкери бир чакырымдай кирип, анын Финляндия аймагындагы учуусу бир мүнөттөй созулган.
Бирок, Орусиянын коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагып, өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн учагы эл аралык эрежелерге ылайык аракеттенгенин, Фин булуңундагы эл аралык суулардын үстүндө машыгууда болгонун белгиледи.
Москва 2014-жылы Крымды анексиялагандан бери Финляндия буга чейин да Орусияны анын аба мейкиндигин бузганы үчүн бир нече ирет айыптаган. (UE)