Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

"Мэттью" бороону Флорида штатынын жээктерине жакындады


“Ассошиэйтед Пресс” агенттигинин кабарына караганда, жума күнү эртең менен АКШнын бул штатында нөшөрлөгөн жаан аралашкан катуу шамалдан улам 470 миңден ашуун адам электр жарыгысыз калды.

АКШнын түштүк-батышын көздөй багыт алган бороондон улам президент Барак Обама Флорида жана Түштүк Каролина штаттарында өзгөчө абал жарыялаган.

Аталган эки штатка кошо Жоржия штаты да океан жээгинен 3 миллиондой адамды эвакуациялоодо. Майамиде аба каттамдардын 90% токтотулду, Флоридада ондогон жылдардан бери биринчи ирет “Дисней дүйнөсү” көңүл ачуу паркы жабылды.

Кошмо Штаттардын Бороондор боюнча улуттук борбору Мэттью ураганынын күчүн беш баскычтын ичинен төртүнчү деп баалоодо.

"Мэттью" эң биринчи болуп сокку урган Гаитиде өлгөндөрдүн саны бүгүнкү күндө 339га жетти. (UE)

XS
SM
MD
LG