Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Оппозициянын курултайынын соңунда резолюция кабыл алынат


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Конституцияны өзгөртүүгө каршы оппозиция жана “Референдумга - жок” кыймылы уюштуруп жаткан курултайдын соңунда резолюция кабыл алынат. Анын мазмуну жыйындын жүрүшүндө талкууланмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Курултай Бишкектеги орус драма театрында бүгүн саат 10до башталары кабарланган. Ал ачык өтөрүн, ага бийлик өкүлдөрү дагы чакырыларын уюштуруучулар маалымдашкан. Ушул тапта жыйынга келгендерди каттоо жүрүп жатат.

Жыйынга көз салып турган кабарчыбыздын маалымдашынча, курултайга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Элмира Ибраимова, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Чолпон Жакупова жана башка коомдук ишмерлер, саясатчылар катышууда. Бийлик өкүлдөрүнөн азырынча эч ким байкалбайт.

Курултайга жаштар, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана мекенчил күчтөр да чакырылган.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындаган. Мындай мыйзам долбоорду парламент 1-окуудан өткөргөн.

Активисттер Конституцияны өзгөртүүгө каршы жана азыркы парламентти таратуу боюнча кол топтоо башташкан. Канча адамдын колу чогулганы бүгүнкү курултайда айтылат.

Кыргызстанда бийликтин Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси саясий кырдаалга таасирин тийгизди. Буга чейин бир тарапта болуп келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жаатташтырып, мамилесин бузду. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG