Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Азиз Мурадиллаевге көмөк көрсөтүү тууралуу президентке кайрылуу жолдонду


Азиз Мурадиллаев "Курманжан Датка" тасмасында.
Азиз Мурадиллаев "Курманжан Датка" тасмасында.

Актер Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна каржылык көмөк көрсөтүү өтүнүчү президент Алмазбек Атамбаевге жолдонду. Аны белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова жазып, кайрылуунун мазмунун Фейсбукка жарыялады.

Бишкектеги клиникалык оорукананын дарыгерлери Азиз Мурадиллаев С гепатитине кабылгандыктан, боорун алмаштыруу зарылдыгын маалымдашкан. Бул дартка операция өтө кымбат тургандыктан, анын сахналаштары, достору 25-октябрда кайрымдуулук акциясын өткөрүүгө камынып жатышат.

“Азиз Мурадиллаевдин айлыгы 6200 сом. Операция Германия, Израилде 300 миң доллар турат. Түркияда 200 миң доллар, Индияда 65 миң доллар. Актер мамлекеттин жана башка кайдыгер эмес кишилердин жардамына муктаж", - деп билдирди Молдокматова.

6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар Азиз Мурадиллаевге жардам берүүгө чакырып, парламенттин фондунан акча бөлүү зарылдыгын айтышкан.

Кыргызстандын маданиятынын мыктысы Азиз Мурадиллаев 38 жашта. Кырктан ашуун кино жана спектаклдерде роль аткарган. “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын образын жараткан. (SE)

XS
SM
MD
LG