Конституцияны өзгөртүүгө каршы бүгүн Бишкекте өтүп жаткан курултайга келгендерге чагымга алдырбоо, сөз сүйлөп жатканда бирөөнүн наамына акаарат келтирбөө сунушталды. Бул тууралуу жыйындын ачылышында саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди. Ал курултайды айрым күчтөр пайдаланып, чагым уюштурушу мүмкүндүгүн эскертти:
-Жыйындын жүрүшүндө залдан кыйкырууга, уруксатсыз сөз сүйлөөгө тыюу салынат. Ага баш ийбегендер залдан чыгарылат. Курултай түшкү саат бирде аяктайт. Андыктан, 12:45те жарыш сөздөр токтотулуп, кабыл алынган резолюцияны окууга убакыт берилет,- деди Жээнбеков.
Курултай Бишкектеги орус драма театрында өтүп жатат. Аны оппозиция жана “Референдумга - жок” кыймылынын активисттери уюштурууда. Күн тартибине референдумга каршы туруу маселеси коюлган. Курултай ачык өтөрүн, ага бийлик өкүлдөрү дагы чакырыларын уюштуруучулар маалымдашкан. Бирок бийликтен өкүл келген жок.
Курултайга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Азимбек Бекназаров, Чолпон Жакупова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Равшан Жээнбеков жана башка коомдук ишмерлер, саясатчылар, депутаттар катышууда.
Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындаган. Мыйзам долбоорду парламент 1-окуудан өткөргөн. Ага каршы активисттер жана саясатчылар кол топтоо башташкан.(SE)