Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Оппозициянын курултайы резолюция кабыл алуу менен аяктады


Курултайга келгендер
Курултайга келгендер

Конституцияны өзгөртүүгө каршы Бишкекте бүгүн уюштурулган курултай резолюция кабыл алуу менен аяктады. Анда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин алга сүрөп жаткан бийликте отурган аткаминерлердин ишмердигине укуктук баа берүү, Жогорку Кеңеште бул багыттагы талкуу жана башка жыйындарды токтотуу керектиги айтылат. Андан тышкары Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү аракетин Конституциялык сот карап, адилеттүү баа бериши керектиги белгиленди. Ошондой эле буга чейин жүргөн жараяндарды легитимсиз деп табуу маселеси жазылды.

Курултайды оппозиция жана “Референдумга жок” кыймылынын активисттери Бишкектеги орус драма театрында өткөрүштү. Ага “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Азимбек Бекназаров, Чолпон Жакупова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Равшан Жээнбеков жана башка коомдук ишмерлер, саясатчылар, депутаттар катышты. Бийлик өкүлдөрү чакырылганына карабай, эч ким келбегени айтылды. Жалпысынан 610 адам чогулду.

Саясатчылар Конституцияны өзгөртүү - бийликтин кызыкчылыгы экенин белгилешип, ага каршы күчтөр биригиши зарылдыгын билдиришти.

Жарандык активист Динара Ошурахунова мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары референдумга каршыларды бир тараптуу каралап жатканын, аны тез арада токтотуу зарылдыгын билдирди.

Жаркынбек Касымбеков, Назарбек Нышанов сыяктуу активисттер сөз жетпегенине нааразы болуп, кыйкырып башташканда аларды уюштуруучулар залдан чыгарып коюшту. Курултай өткөрүп жаткандар муну бийлик даярдаган “чагым” деп сыпатташты. Башында уюштуруучулардын бири Равшан Жээнбеков талашып сөз сүйлөөгө жана залдан кыйкырууга тыюу салынарын, ага баш ийбегендер жыйындан чыгарыларын эскерткен болчу.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындаган. Мыйзам долбоорду парламент 1-окуудан өткөргөн. Ага каршы активисттер жана саясатчылар кол топтоо башташкан. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG