Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Артыков: курултайга бийликке жетпей калгандар барды


Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков Конституцияны өзгөртүүгө каршы бүгүн Бишкекте өткөн курултайга туура эмес пикирдеги кишилер чогулганын "Азаттыкка" билдирди:

- Топтолгон 600 кишинин ойлору туура эмес. Жыйында Конституцияга байланыштуу жарытылуу пикир айтышкан жок. Баш мыйзамды шылтоолоп эле бийликке тийишип жатышат. Алар бийликке жетпей калган кишилер.

Курултайды оппозиция жана “Референдумга - жок” кыймылынын активисттери Бишкектеги орус драма театрында өткөрүштү. Ага “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Азимбек Бекназаров, Чолпон Жакупова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Равшан Жээнбеков жана башка коомдук ишмерлер, саясатчылар, депутаттар катышты. Бийлик өкүлдөрү чакырылганына карабай эч ким келбегени айтылды. Жалпысынан 610 адам чогулду. Соңунда референдум өткөрүүгө каршы резолюция кабыл алынды.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындаган. Мыйзам долбоорду парламент 1-окуудан өткөргөн. Ага каршы активисттер жана саясатчылар кол топтой башташкан. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG