Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

“Мэтью” бороону АКШда ондон ашуун өмүрдү жалмады


Мэтью бороону. Илимпоздордун сүрөтү
Мэтью бороону. Илимпоздордун сүрөтү

Гаитиде 900дөй кишини аппат кылган “Мэтью” бороону АКШнын Флорида, Жоржия жана Түндүк Каролина штаттарында акыркы маалыматтар боюнча 14 кишинин өмүрүн алды.

Шамалдын ылдамдыгы саатына 200 километрге чейин жетип жатат.

Табият апааты 4-октябрда Гаитиде башталган. Жума күнү бороон АКШны карай багыт алган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги курмандыктар арасында кыргызстандыктар жок экенин, тактоо иштери уланып жатканын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG