Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Украина чалгын башкармалыгы: Орусия Донбасска танк алып келди

Иллюстрация
Иллюстрация

Украинанын Чалгын башкармалыгы Орусия Донбасска курал-жарак техникасын алып келгенин маалымдап, Москваны күнөөлөдү. Кабарларга караганда, Орусия тараптан 30га жакын танк, беш даана реактивдүү курал жана 400 тоннадан ашуун ок-дары кирген.

Куралдар жикчилдер Донецк элдик республикасы деп атап алган аймактагы Иловайск деген жерге жеткирилген. Москва бул айыптоого жооп бере элек.

Украина чыгышында калаба башталган 2014-жылдан бери Киев жана Батыш мамлекеттери Орусия жикчилдерди колдоп келатканын айтат. Кремль муну четке кагып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG