Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Чеченстанда полицияга кол салган кишилер жок кылынды


Чеченстандын Гудермес районунда бүгүн полиция менен белгисиз топ ортосунда атышуу болду. ТАСС агенттиги билдиргендей, окуядан бери дегенде жети киши каза тапты. Алар полицияга кол салгандар экени айтылууда. Жараат алган төрт тартип сакчысы ооруканага жеткирилген.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери эки автоунааны текшерүү максатында токтоткон кезде машине ичиндегилер ок ачкан. Мерт кеткендердин тек-жайы такталып жатат.

Жекшембиге караган түнү Шали районунда Улуттук Гвардиянын кызматкеринин сөөгү табылганын “Интерфакс” кабарлаган.

XS
SM
MD
LG