Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Республикачылар Трампты колдоодон баш тартышууда


Республикачылардын талапкери Дональд Трамп
Республикачылардын талапкери Дональд Трамп

АКШда президенттик шайлоого бир ай калганда Республикачылардын талапкери Дональд Трамп жана Демократтардын атынан жарышка түшкөн Хиллари Клинтон экинчи бетме-бет дебатка даярданышууда.

10-октябрда Миссуриде өтө турган дебаттын алдында Республикачылар партиясынын белдүү саясатчылары Трампты мындан ары колдобой турганын билдиришти.

Буга миллиардердин аялдар жөнүндө 2005-жылы айткан маданиятка жатпаган сөздөрү жазылган тасманын жарыяланышы себеп болду.

Республикачылар партиясынын айрым сенаторлору, Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү, губернаторлор Трампты президенттик жарыштан чыгууга чакырышты. Клинтон Трамптын сөздөрүн “үрөй учуруучу” деп мүнөздөдү.

Трамп кечирим сурап, президенттик өнөктүгүн уланта берерин айтты. (KKs)

XS
SM
MD
LG