Грузиядагы парламенттик шайлоого байкоо салган эл аралык уюмдар жекшембидеги добуш берүүдө атаандаштык болгонун, шайлоо жакшы уюштурулганын жана негизги эркиндиктер сакталганын билдиришти. Ошентсе да Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары өнөктүк маалында мыйзамга жатпаган үгүт иштери тууралуу кабарлар түшкөнүн, өнөктүк ар кыл зомбулук окуялары менен коштолгонун белгилешти.
Алдын ала жыйынтыктар боюнча шайлоодо бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы алдыга озуп чыкты. Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймылы” баштаган оппозициялык партиялар добуштар бурмаланганын айтып жатышат.
Бюллетендердин 72 пайыздан ашыгы саналып бүттү. Анын жыйынтыгы боюнча “Грузин кыялы” добуштардын 49,5%, оппозициядагы “Бириккен улуттук кыймыл” 26,6%, орусиячыл “Мекенчилдердин биримдиги” партиясы 4,9 пайызына ээ болушту. Парламентте мандатка ээ болуу үчүн партиялар 5 пайыздык босогодон өтүшү керек. (KKs)