Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

Казакстан: Актөбөдөгү куралдуу кол салуу боюнча кылмыш иш сотко өттү


Террорчулар алгач Актөбөдөгү "Паллада" курал-жарак дүкөнүнө кол салышкан, 8-июнь, 2016-жыл.
Террорчулар алгач Актөбөдөгү "Паллада" курал-жарак дүкөнүнө кол салышкан, 8-июнь, 2016-жыл.

Расмий маалыматтарга караганда, бул окуялар боюнча 9 адам “терактка түздөн-түз катышкан", 18и “даярдалып жаткан кылмыш тууралуу кабар берген эмес", экөө “кылмышкерлерди жашырган” деп айыпталууда. Прокуратура тергөө учурунда алар толугу менен күнөөлөрүн моюнга алышканын билдирди. Куралдуу кол салуу учурунда террорчу катары жок кылынган 18 адам боюнча тергөө иштери токтотулду. Окуядан 101 адам жабыркаган.

Быйыл 5-июнда Актөбө шаарында 25 согушкерден турган топ бир нече жерге кол салып, сегиз адам, алардын арасында үч аскер кызматкери набыт кеткен. Атайын операция маалында куралчан топтун 18 мүчөсү жок кылынып, калган жетөө камакка алынган. Аларга карата террорчулук беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон.

Ал эми 18-июлда Алматыда жалгыз адам полиция кызматкерлерине кол салып, беш өмүр кыйылган.

Бул окуяларга байланыштуу өлкөдө «террор коркунучунун» жогорку чеги келерки жылдын 15-январына чейин узартылган.

XS
SM
MD
LG