Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Бишкекте эл аралык кыздар күнү белгиленет


Бишкекте 11-октябрда эл аралык Кыздар күнү белгиленет. Анын алкагында “Балдар укугун коргоо” коомдук бирикмеси жеткинчектердин укугуна арналган эсселерге сынак жарыялайт. Андан тышкары, тренинг, спорт мелдештери, театрлаштырылган форумдар өтөт. Иш-чаралар фотокөргөзмө, флешмобдор менен коштолорун аталган коомдук бирикме кабарлады.

Эл аралык Кыздар күнүн белгилөө 2012-жылы Канаданын демилгеси менен Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бекитилген.

Укук коргоочулар кыздар көп учурда үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылып, зордуктоолорго, сексуалдык кулчулукка дуушар болорун айтып келишет.

XS
SM
MD
LG